Баласын тил албаганы үчүн аесуз сабаган жарандын өзүгү аныкталды.
Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, ал Жалал-Абад облусунун тургуну.
2019-жылы үй-бүлөсү менен Россияга кеткени тастыкталды. Учурда ведомствонун
Россиядагы өкүлчүлүгү ал адамды кармоо иш-чараларын жүргүзүп жатат.
Белгилеп кетсек, соцтармактарга болжол менен 9 жаштагы баланы чоң адам
жерден түртүлүү көнүгүүсүн жасоону талап кылып, аесуз сабаган видеосу тарап жатат.