Коронавирустан улам АКШнын Вашингтондогу Ак үйү эвакуацияланышы ыктымал

Коронавирустан улам АКШнын Вашингтондогу Ак үйү эвакуацияланышы ыктымал.

Ал үчүн бийлик атайын бөлүктү түздү. РИА Новости билдиргендей,

мартта 10 миң жоокерден турган атайын отряд уюштурулган.

Бул бөлүк АКШнын борборун, Ак үй жана бир катар негизги мекемелерди

коопсуз жерге жайгаштырууга даяр. Атайын корпус авиациялык батальондун

тик учактары менен корголду. Кошумчалсак, коронавирусту эң көп жуктуруп

алгандар жана каза болгондор АКШда. 654 миң адам вирусту жуктурса, 31 миңи каза тапты.