Балдардын Baby Shark же «Кичинекей акула» аталышындагы ыры YouTube каналында тарыхта алгачкы ирет 10 миллиард ирет көрүлгөн клип болду

Балдардын Baby Shark же «Кичинекей акула» аталышындагы ыры YouTube каналында

тарыхта алгачкы ирет 10 миллиард ирет көрүлгөн клип болду. Чыгарманын англис

тилиндеги версиясы популярдуу болуп, рекорд жаратууда. Роликке 32 миллион лайк коюлган.

Бул балдар контенти болгондуктан комментарий калтырчу жери өчүрүлгөн. Клип

2020-жылдын ноябрь айында 7 миллиард ирет көрүлүп, Луис Фонсинин рекорд

жараткан Despacito клибин артта калтырды.