Бали аралында тартип сактабаган туристтерге карата өзгөчө жаза ойлоп табылды

Бали аралында тартип сактабаган туристтерге карата өзгөчө жаза ойлоп табылды. Жергиликтүү бийлик баамдагандай, бет кап режимин көбүнчө эс алуучулар сактабайт.

 

Аларга айып салуу дагы таасирин тигизбейт. Андыктан, полиция башкача жаза ойлоп табууга аргасыз болду. Бет кап кийбеген турист жерге жатып, физикалык көнүгүү жасашы керек. Дагы башка вариант дагы бар – бул учурда туристтин колуна шыпыргы берилет, ал көчөнү тазалап шыпырышы керек болот.