Галапагос аралдарындагы Дарвиндин аркасы урап түштү

Галапагос аралдарындагы Дарвиндин аркасы урап түштү. Миңдеген жылдар бою созулган эрозия чокуну табигый көпүрөгө айлантып, эми гана, 21-кылымда аны талкалады.

 

Бул суктанарлык жер 234 аралдан жана айрым тектерден турган архипелагдын курамына кирген, адам жашабаган Калпеппер аралынан бир чакырым алыстыкта жайгашкан.

 

Британиялык илимпоз Чарльз Дарвиндин ысымын алган арка жанар тоодон жаралган жана ал суу алдындагы жардын чокусу.