Бишкекте сууга түшүү сезону 10-июнда ачылат

Бишкекте сууга түшүү сезону 10-июнда ачылат. Бул тууралуу бизге “Шаар парктары” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Калича Умуралиева билдирди. Анын айтымында, учурда Пионер жана Комсомол көлмөлөрүндө суу толтурулуп жатат.

 

Ошондой эле, алардын айланасын көрктөндүрүү боюнча иштер аткарылууда. Экотехинспекция жана санэпидем көзөмөлдүн кызматкерлери санитардык нрмалардын сакталышын текшерип, андан кийин сүзүү сезонун ачууга уруксат бериши керек.