Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборун оңдоп-түзөө жумуштары толук аяктады

Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборун оңдоп-түзөө жумуштары толук аяктады.

Облус жетекчилигинен билдиришкендей, медициналык мекеме 90 орунга ылайык.

Оорукананын жылытуу системасы, канализация жана суу түтүктөрү толугу менен жаңыланды.

Керебеттер менен толук камсыздалып, керектүү медициналык жабдуулардын алгачкы тобу келди.

Ар бир бөлмөгө кычкылтек концентратору орнотулууда. Эми анда 78 медициналык кызматкер эмгектенет.

Белгилеп кетсек, буга чейин 120 миңге жакын тургунга облустук оорукананын

45 орундуу жугуштуу оорулар бөлүмү кызмат көрсөтүп келген.