Жалал-Абад облусунун Казарман айылында жаңы тигүү цехи ачылды.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, цехке Тогуз-Торо районун өнүктүрүү фонду каржылык колдоо көрсөттү.
Долбоорго жалпы 1 миллион 400 миң сом бөлүнгөн.
Учурда аталган жайда 20дан ашуун кыз-келин жумуш менен камсыздалды.
Тигилген кийимдер Бишкек шаарына жана Россияга экспорттолот.