Баткен облусунда 3 мектептин курулушу планга ылайык жүрүүдө.
Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигининен билдиришкендей, билим берүү мекемелери Баткенде жана Лейлек районунун Гөлбө айылында, Кадамжай районуну Чуңкур-Кыштак айылдарында жайгашкан.
Мектептердин эң кичинекей дегени 275 окуучуга эсептелген. Каражатты курулуш иштерине Сауд өнүктүрүү фонду бөлүп берген. Объектилер колдонууга ушул жылдын аягына чейин берилет.