Баткен облусунда дагы бир санитардык-карантиндик пост орнотулду. Бул тууралуу өкмөттүн аталган аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Пост Лейлек районунун кире беришинде пайда болду. Учурга карата облуста 2 негизги санитардык пост иштеп жатат, дагы бешөө чектеш райондордо.
Баткенде көзөмөл коронавирус инфекциясынын жайылуусун алдын алуу максатында күчөтүлүүдө.