Муниципалдык аймактык башкармалыктын кызматкерлерине санитардык нормаларга текшерүү укугу берилди

Муниципалдык аймактык башкармалыктын кызматкерлерине санитардык нормаларга текшерүү укугу берилди. Бишкек мэриясынан билдиришкендей, мэрдин милдетин аткаруучу Алмаз Бакетаев тиешелүү буйрукка кол койду.

 

Эске салсак, буга чейин санитардык талаптарды бузгандарга карата чараны санэпидем көзөмөл инспекциясынын адистери гана көрө алчу. Калгандарына мындай укук берилген эмес.