Жаңы жылдан кийин кыргызстандыктар эң аз дегенде 3 күн эс алат

Жаңы жылдан кийин кыргызстандыктар эң аз дегенде 3 күн эс алат. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги 2022-жылга карата өндүрүш жылнааманы бекитти.

 

Ага ылайык, майрам күндөрү дем алышка туура келсе, анда кийинки күнү эс алуу жарыяланат. Келе жаткан жылдын 1-январы ишембиге туш болгондуктан, 3-январда жарандар эс алат. Жаңы жылдык эс алуулар боюнча акыркы чечим кийинчирээк кабыл алынат, — дешти ведомстводон.