Баткен шаарында мыйзамсыз ташылып келе жаткан 15 тонна лимон кармалды

Баткен шаарында мыйзамсыз ташылып келе жаткан 15 тонна лимон кармалды.

Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чек ара бажы кызматкерлери унааны токтотуп, текшерүүгө алган.

Машинеде коңшу мамлекеттен келе жаткан 15 тонна килограмм лимон болду.

Текшерүүдө айдоочу товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга

тийиштүү бир дагы документти көрсөтө алган эмес.

Ал эми мыйзамсыз товардын баасы 1 миллион 107 миң сомду түзөт.