Баткен жана Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкерлерди каттоо 8-апрелге чейин жүргүзүлөт

Баткен жана Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкерлерди каттоо 8-апрелге чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

 

Үгүт иштери  8-апрелде башталып, 27-апрелдин таңына чейин уланат.  28-апрелде шайлоо өтсө, добуш берүүнүн соңку жыйынтыгы 12-майга дейре жарыяланат.

 

Эске салсак, аталган округдардан парламентке келген Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиев жазган арыздарына ылайык мандатынан ажыратылгандан кийин мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалды.