Кыргызстанга 4 шаардын таза суу системасын жакшыртууга 16 миллион евро бөлүнөт

Кыргызстанга 4 шаардын таза суу системасын жакшыртууга 16 миллион евро бөлүнөт.

 

Президент Садыр Жапаров Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкы ортосунда гранттык макулдашууну ратификациялады.

 

Документке ылайык, сумманын жарымы кредит катары берилсе, жарымы кайтарымсыз грант болот. Каражат Кадамжай, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак жана Айдаркен шаарларында таза суу системсын калыбына келтирүүгө, жаңыртууга жана станцияларлы, лабораторияларды курууга жумшалат.