Баткенде чек ара жаңжалында жабыркаган ишкерлерге компенсация берүү каралууда.
Бийлик ошондой эле, аларга пайызы жок жеңилдетилген насыяларды сунуштоо ниетинде, — деди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Айбек Жунушалиев.
Чиновниктин айтымында, компенсация бир жолу берилет, ал эми ссудалар бизнесмендерге 200 миң сомду түзөт. Белгилеп кетсек, чек арадагы жаңжалда ишкерлер 1 миллиард сомдон ашык материалдык зыянга учурады.