Баткенде үй-чарбалар “Санарип аймак” программасына катталууда

Баткенде үй-чарбалар “Санарип аймак” программасына катталууда. Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, облус боюнча 586 миң  адам жашаса, санарип аймак тутумуна катталган жарандар 78 пайыз көрсөткүчтү түзөт.

 

Ал эми жалпы үй-чарбаларынын саны 80 миң  болсо, анын баары санарип аймак тутумуна катталды.

 

Бүгүнкү күндө жарандар өзүнө тиешелүү маалым каттарды “Түндүк” системасынан мобилдик тиркеме аркылуу алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, бул аракеттерди жайылтуу боюнча жер-жерлерде түшүндүрүү иштери жүрүүдө.