Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун 18 жаштагы уулу Ахмат министр болуп дайындалды

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун 18 жаштагы уулу Ахмат министр болуп дайындалды. Ал Жаштар иштери боюнча министрликти жетектейт.

 

Парламент төрагасы Магомед Даудов жарыялагандай, ошондой эле жаш чиновникке Чеченстандын эң жогорку сыйлыгы болгон орден тапшырылды.

 

Белгилеп кетсек, буга чейин Ахмат Кадыров спорт министринин орун басары кызматын аркалап келген.