Бишкектин автобекеттерин шаар сыртына чыгарууга 25 миллион доллар талап кылынат

Бишкектин автобекеттерин шаар сыртына чыгарууга 25 миллион доллар талап кылынат. Бул тууралуу мэриянын коллегиясында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жарыялады.

 

Анын айтымында, каражат булагы аныкталды, жакын арада бөлүнүп, долбоор ушул жылы ишке ашат деп пландалууда.

 

Эске салсак, Батыш автобекетин Пригородное айылына, ал эми Чыгыш автобекетин Алмата көчөсүнүн айланма трасса м енен кесилишине көчүрүү сунушталган. Бул шаар көчөлөрүндөгү тыгындарды азайтууга багытталган чаралардын бири.