Бүгүнкү күнгө карата Баткенде үй-жайына кайткандардын саны 100 миңге чамалады.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 14-17-сентябрдагы Тажикстан менен куралдуу кагылышуунун кесепетинен Баткен облусунда 136 миң 770 жаран эвакуацияланган.
Ал эми Ош облусунун Чоң-Алай районунан 5 миң 301 адам коопсуз жайга көчүрүлгөн.