Бийлик 2023-жылга республикалык бюджетти 100 млрд сомго көбөйтүүнү пландоодо

Бийлик келерки жылга республикалык бюджетти 100 миллиард сомго көбөйтүүнү пландоодо.

Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиевдин айтымында, учурда 2023-жылдын бюджетин түзүү иштери жүрүп жатат жана бул багытта ири пландар бар.

Белгиленгендей, бюджеттин көлөмүн көбөйтүүгө салыктык жана бажы төлөмдөрүнүн өсүшү мүмкүндүк берет.

Министр ишкерлер менен тыгыз иштешүү экономикалык көрсөткүчкө оң таасир тийгизип жатканын белгиледи.