Баткенде түн тынч өттү

Баткен облусунда Тажикстан менен чектеш аймактарда 1-майга караган түн тынч өттү.

Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы «Азаттыкка» билдирди. Маалыматка караганда, түндө атышуу жана башка окуялар катталган жок.

 

Интернеттеги социалдык тармактарда Баткен шаарында жана Лейлек районунун чек арага жакын жайгашкан айрым айылдардын бир катар жашоочулары түндө кооптонуп, үйлөрүндө түнөбөгөнүн билдирип жатышат.

 

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан кийин абал курчуп, Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болгон.

29-апрелде үйлөр жана имараттар өрттөлүп, 20 миңдей жай тургун эвакуацияланды.

 

Акыркы маалыматтарга караганда, жараат алган кыргызстандыктардын саны 154, каза болгондор 31 киши.

 

Тажикстандын бийлиги жабыркагандар тууралуу расмий маалымат бере элек, журналисттер 90 адам жараат алганын, 10дой киши каза болгонун маалымдашты.