Кыргызстандын башкы унаа жолдору кыймылга ачык.
Бишкек – Ош унаа жолунда гана оор жүк ташыган унаалар ортодогу 30 мүнөт аралык менен
5тен өткөрүлүп жатат, — дешти novosti.kgге Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо
башкы башкармалыгынан. Учурда тоолуу тилкелерде кызматкерлер нөөмөттө турат жана
жолдор кардан тазаланып, инерттүү материалдар себилүүдө. Ведомстводон белгилешкендей,
кыймылга чектөөлөр киргизилеби жокпу аба-ырайына байланыштуу болот.