Баткенге жардам катары чогулган каражаттын 65 миллион 800 миң сому калды

Баткенге жардам катары чогулган каражаттын 65 миллион 800 миң сому калды.

Белгилеп кетсек, быйыл жазда чек-арага жакын аймакта чыккан жаңжалга карата

өлкөдөгү жана чет жактагы кыргызстандыктар дээрлик 120 миллион  сом чогулткан.

Сумманын 53 миллион сому кыйраган үйлөрдү калыбына келтирүүгө жана курууга

бөлүндү. Андан тышкары, жаракат алган 16 адамдын дарыланышына жана чек

арадагы айылдарда жашаган балдарды эс алдырууга 1 миллион 800 сом жумшалды.

Эми калган акчаны кайда жумшоону атайын комиссия чечет. Бирок чек арадагы

айылдардагы элдин жана жетекчилердин сунуштары эске алынат.