Бишкекке электр энергиясы менен жүрүүчү автобустар алынат

Бишкек шаарынын транспорт жана жер саясаты боюнча вице-мэри Азиз Алымкулов Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен онлайн форматта жолугушуу өткөрдү. Анда Бишкек шаарына электр энергия менен жүргөн автобустарды алып келүү долбоорунун даярдыктары боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Мындай маалыматты мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Ага ылайык, электр энергиясы менен жүрүүчү 350 автобус долбоорун тез аранын ичинде ишке ашыруу керектиги айтылды.

 

«Вице-мэр учурдагы шаар көчөлөрүндөгү абалды түшүндүрүп, экологияга зыян келтирбеген коомдук унаалардын жүрүшү маанилүү экенин белгилеп өттү. Ал жалпы суммасы 50 миллион долларды түзгөн долбоор Финансы министрлиги тарабынан алдын ала жактырылганын билдирди», — деп жазылат маалыматта.

 

Буга чейин шаар мэри Азиз Суракматов электр энергиясы менен жүрүүчү автобустарды алуу боюнча Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жолукканы жана анда гранттык жана насыялык каражаттардын эсебинен көп орундуу 350 автобус алуу боюнча макулдашуулар жүргүзүлгөнү маалымдалган.