Кыргызстанда Жогорку Кеңешти шайлоого карата үгүттөө өнөктүгү бир жумадан кийин старт алат

Кыргызстанда Жогорку Кеңешти шайлоого карата үгүттөө өнөктүгү бир жумадан кийин старт алат.

БШКдан эскертишкендей, аггитация баштала турган күн 29-октябрга чейин партияларга жана

бир мандаттуу талапкерлерге үгүтөө иштерин жүргүзбөө сунушталат. Алсак, аггитация

башталгандан кийин дагы бир мандаттуу талапкерлер жарандарга акча, белек берүүдөн

баш тартып, кайрымдуулук менен алектенүүгө тыюу салынат. Ошондой эле иштерге жашы

жете электерди тартууга дагы уруксат жок. Андан тышкары, өздүк материалдарды бактарга жана

эстеликтерге чаптоого болбойт. Мындай эреже бузуу үчүн жарыштан четтеттүү каралат.

Шайлоо 28-ноябрда аралаш системада өтөт.