Республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 7-апрелге чейин Бишкек – Ош, Бишкек – Нарын – Торугарт, Казарман – Ак-Тал – Чат, Каракол – Эңилчек жана Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолдорунда кар массалары түшүшү мүмкүн.

 

Айдоочуларга бул каттамдар менен жүрүүдө этият болуп, унаалар ортосундагы тиешелүү 500 метрлик аралыкты сактоо сунушталат.