Бириккен Араб Эмирлигинде биринчи жолу аял-астронавт космоско учат. Чет элдик ММКлар билдиришкендей, ал 4 миң талапкердин арасынан тандалып алынган. Ал космоско жол салган алгачкы араб айымы болот.
Эске салсак, буга чейин 2019-жылы БАЭнин биринчи астронавты Хазза аль-Мансури космоско учуп, 8 күндөн кийин Жерге кайтып келген.