Лебединовка чакан ГЭСин оңдоого дээрлик 14 млн евро жумшалышы мүмкүн

Чүйдөгү Лебединовка чакан ГЭСин оңдоого дээрлик 14 миллион евро жумшалышы мүмкүн. Тиешелүү мыйзам долбоорун парламент экинчи окууда кабыл алды.

 

Маалыматка ылайык, каражат Кыргызстан менен Европа кайра калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы макулдашуунун негизинде берилет. Ага ылайык, 9 миллион еврого жакыны кредит, 5 миллион евро инвестициялык грант түрүндө алынат.

 

1948-жылы пайдаланууга берилген Лебединовка чакан ГЭСин реконструкциялоо учур талабы экени көптөн бери айтылып келет.