Кытайда өтө турган 19-жайкы Азия оюндарына Кыргызстандан 180дей спортчу катышат. Бул тууралуу Улуттук олимпиада комитетинин президенти Садыр Мамытов билдирди.
Анын айтымында, аталган оюндар 23-сентябрдан 8-октябрга чейин коңшу өлкөнүн Ханчжоу шаарында өтөт. Программага жалпы 40 спорттун түрү боюнча мелдештер киргизилген. Анын ичинде Кыргызстан 26 түрүнөн катышат.
XIX жайкы Азия оюндарына бюджеттен 35 миллион сом каралган.