Кеминдеги Боролдой айылы таза суу менен камсыз болду

Чүй облусунун Кемин районундагы Боролдой айылы таза суу менен толук камсыз болду. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, 30-майда аталган айылда ичүүчү суу менен камсыздоо тутумунун салтанаттуу ачылышы болуп, 2 миң 163 айыл тургуну таза суу менен камсыздалды. Суу менен камсыздоо тутумунун курулуш-монтаждоо иштери 2021-жылдын 4-августунда башталган.