Туризм департаментинин директору болуп Самат Шатманов дайындалды

Самат Шатманов мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Экономика жана соода министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

 

Тийиштүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.