Кыргызстандыктар эми коронавируска каршы эмдөөдөн өткөнүн тастыктаган сертификатты үйдөн эле алса болот

Кыргызстандыктар эми коронавируска каршы эмдөөдөн өткөнүн тастыктаган сертификатты

үйдөн эле алса болот. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, бул үчүн

portal.tunduk.kg сайтынан каттоодон өтүү зарыл. Документ автоматтык түрдө экранда пайда болот,

колдонуучу аны pdf форматта документ катары басып чыгарып алышы керек. Сертификатта

көрсөтүлгөн QR-код аркылуу анын электрондук вариантын көрүү мүмкүн. Мындай документти

алуу үчүн Калкты тейлөө кызматынан акысыз берилчү электрондук кол тамга же

2017-жылкы үлгүдөгү ID-картадагы маалыматтар талап кылынат.