Камбар-Ата – 1 ГЭСинин курулушуна даярдыктар аяктап калды

Камбар-Ата – 1 ГЭСинин курулушуна даярдыктар аяктап калды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.

 

Анын айтымында, магистралдын, подстанциянын, электр өткөрүү линияларынын, көпүрөнүн жана куруучулар үчүн кыштактын курулушу дээрлик аягына чыкты.

 

Белгилеп кетсек, Камбар-Ата – 1 ГЭСинин жалпы кубаттуулугу 1 миң 860 мегаватты түзүп, анда жылына   5,6 миллиард киловатт саат электр энергиясы иштелип чыгат.