Тажикстан калкка электр энергиясын берүүгө чектөө киргизет.
Мындай чара суу сактагычта нымдуулуктун жетишсиздигинен
улам көрүлүп жатат. Азырынча электр энергиясы канча көлөмдө
кыскартылары айтыла элек. Бирок былтыр Тажикстандагы
үйлөргө күнүнө 4-5 сааттан гана жарык берилген.