Препараттардын баасын негизсиз жогорулаткан дарыканалар лицензиядан ажыратылат. Бул тууралуу Дары-дармек менен камсыздоо департаментинен жарыялашты.
Андан белгилешкендей, ведомствого жарандардан даттануулар түшүп жатат. Алар боюнча текшерүүлөр жүргүзүлүүдө жатат. Алсак, клексан препаратын айрым дарыканалар 3 эсе кымбат сатышкан учурлары айтылган.
Бардык фактылар боюнча териштирүү жүрүп жатат. Эгер маалымат тастыкталса, укук коргоо органдары тарабынан чара көрүлүп, дарыкананын лицензиясы алынат.