Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу эрежесине өзгөртүү киргизилди.
Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет. Өзгөртүүлөр боюнча
ушул жылдын 23-январында өкмөттүн токтому чыккан. Ага ылайык, мындан ары
декларанттар салык төлөп иштетип жаткан объектисин көрсөтөт, бир жылда мүлккө жана
жер тилкесине төлөгөн салыгынын эсебин берет. Бул эрежелер 1-февралга чейин
декларация тапшыргандарга тийиштүү эмес. Белгилеп кетсек, буга чейин декларанттар
ээлик кылган мал-мүлкү жана киреше-чыгашасы тууралуу гана отчёт берип келген.