Синоптиктер бишкектиктерди катуу шамал тууралуу эскертет.
Туруксуз аба-ырайы ордо калаада түштөн кийин башталат. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.
Андыктан, жарандарга этият болуп, бак-дарактардын жана жеиңил конструкциялардын алдынан өтпөө сунушталат. Ал эми айдоочулар унааларын ачык аймактарда гана токтоткону оң.