Кыргызстанда доллар бир суткада 30 тыйынга кымбаттады. Учурда ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары америкалык валютаны 77 сом 40 тыйындан сатып алып, кайра 77 сом 90 тыйынга сатышууда.
Эске салсак, 2016-жылдан бери туруктуу 69 сомдун тегерегинде кармалып келген АКШ доллары быйыл 10-мартта үч сомго кымбаттап, 3-апрелде расмий курсу дээрлик 85 сомго жеткен. Мындай көрүнүш бир апта уланып, доллар кайра арзандай баштаган.