Бишкек–Балыкчы–Нарын–Торугарт унаа жолундагы жол белгилери жаңыланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Жол белгилерин №32 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери оңдоп-түзөөдөн өткөрүүдө.
!»№2 Жол тейлөө мекемеси Ош–Баткен–Раззаков, Баткен–Кара-Бак–Чоң-Талаа, Бужум–Баткен–Кызыл-Жол унаа жолдорундагы эски белгилерди алмаштыруу менен алек», — деп айтылат маалыматта.
Белгилеп кетсек, жол белгилерин Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өзү чыгарат.