Алматыда кар күрткүдө калгандарга жардам берүү үчүн барган куткаруучулар өлкөгө кайтышты

Казакстандын аймагында кар күрткүдөн улам автоунаалары менен жол жүрө албай калгандарды куткаруу үчүн барган Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) кызматкерлери кайра өлкөгө кайтышты.

 

ӨКМдин басма сөз кызматы 39 куткаруучу кар күрткүдө калган 16 адамды Кыргызстанга жеткирип, Кордай ашуусунда карга тыгылган эки оор жүк ташуучу жана үч жеңил машинени сүйрөп чыгарышканын билдирди. Алар куткаруу иштерине жардам берүү үчүн 15-декабрда барышкан.

 

Казакстандын бир катар аймактарында, анын ичинде Жамбыл облусунда соңку үч-төрт күндөн бери күн кескин сууктап, айылдарда, жолдордо жана темир жолдордо чоң көйгөйлөрдү жаратты. Бороон-чапкындан улам жолдорго кар күрткүсү толуп, ондогон адамдар тыгында калып калышкан.

Жол көрүнбөй жатканына байланыштуу эл аралык Бишкек-Алматы автожолунда кыймыл убактылуу токтотулган.