Кыргызстанда талапка жооп бербеген 15 мал союучу жай жабылды

Былтыр Кыргызстанда жалпы 101 мал союучу жай катталып, анын ичинен 15и ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербегендиги үчүн убактылуу жабылды. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Ветеринардык кызматтын директорунун орун басары Бакыт Шарапов билдирди.

 

Анын айтымында, ошондой эле 10 мал союлуучу жай ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине катталган (КХ “Рейна Кенч”, ЖЧК “Торо”, ОАО “Келечек”, ЖЧК “Адал-Азык”, ЖЧК “Ала-Бука Жалал-Абад Кыргыз Эт”, “КФХ Алмаз”, ИП:Базарбаева.З, ИП:Кучкаров.Ф.Н, ЧП:Эралиев.Э, ЖЧК «Восточно-импортноэкспортная компания”).

 

«Мал соючу жайы жок райондорго жана шаарларга Ветеринардык кызматтын жетекчилиги тарабынан тапшырма берилип, анын жыйынтыгында менен 12 жаңы мал соючу жай салынды», — деди ал.

 

Адис белгилегендей, Ноокат, Өзгөн, Ат-Башы, Ак-Талаа, Кочкор, Кадамжай, Лейлек, Бакай-Ата, Манас, Тоң, Ысык-Көл жана Москва райондорунда жаңы салынган мал соючу жайлардын курулушу аяктап ишке кирүү алдында турат.

 

Ал ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербегендиги жана көрсөтмөлөрдү толук аткарбагандыгы үчүн 225 миң сом өлчөмүндө айып пул салынганын кошумчалады.