Бишкек бийлиги муниципалдык транспортто убактысы менен төлөө системасын киргизүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Novosti.kgге Транспорт департаментинин башчысынын орун басары Улан Уезбаев билдирди.
Анын айтымында, бир жолку, 30 мүнөттүк, 1 сааттык жана бир жарым сааттык төлөмдөр болот.
Аны менен жүргүнчүлөр ошол убакыт аралыгында бардык муниципалдык коомдук транспорт менен жүрө берет. Уезбаев белгилегендей, бул максатта жаңы программалык камсыздоо киргизилет.