Жалал-Абадда социалдык шаарча пайда болот

Жалал-Абадда социалдык шаарча пайда болот. Шаар мэриясынын маалыматына ылайык, 100дөй аз камсыздалган үй-бүлө турак-жайлуу болуп калат. Андан тышкары, бала бакча, тигүү цехи, мектеп жана башка социалдык объектилерди куруу каралды.

 

Социалдык шаарчанын ачылышы кийинки жылга белгиленди. Долбоорду ишке ашырууга каражатты эл аралык кайрымдуулук уюму бөлүп берген.