Оренбург облусунун Бузулук районунда кармалып турган 1 миң   569 кыргызстандык жолго чыкты

Оренбург облусунун Бузулук районунда кармалып турган 1 миң   569 кыргызстандык жолго чыкты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

 

Мекендештер 25 автобус менен Казакстандын жол полициясы кызматынын коштоосунда Кыргызстанды көздөй бет алды. Белгилеп кетсек, казак тарап транзиттик коридор ачып берүүгө уруксат бергенден кийин кыргызстандыктарды Россиядан алып келүү мүмкүнчүлүгү жаралган.