Кайрадан өтө турган парламенттик шайлоого катышууга билдирмелерин жиберген партиялар
депутаттардын тизмесин 20-ноябрга чейин түзүшү керек. БШК 30-ноябрга чейин аларды карайт,
эгерде мандат үчүн талапкерлерди жылдыруу шайлоо мыйзамына ылайык түзүлсө, партиялар катталат.
Андан тышкары, 22-ноябрга чейин саясий уюмдар шайлоо фондун түзүп, күрөө акысын төгүшү керек.
Өз кезегинде добуш берүүгө карата үгүттөө өнөктүгү 30-ноябрда старт алып,
19-декабрда таңкы саат 8де токтошу керек.