Бишкек мэриясы калк үчүн сууга болгон тарифти көтөрүүнү көздөөдө

Бишкек мэриясы калк үчүн сууга болгон тарифти көтөрүүнү көздөөдө.

 

Шаар бийлигинин маалыматына караганда, учурда муздак жана саркынды сууга тариф суткасына 35 литрден 170 литрге чейинки норма боюнча эсептелинет. Муниципалитет бардык керектөөчүлөр үчүн бирдиктүү стандарт кылгысы келет — күнүнө бир адамга 350 литр.

 

Бул чечим менен бийлик үйлөргө суу эсептегичтерди орнотууну стимулдаштырууну көздөп жатат.