23-февралда Кыргызстанда эс алуу күнү жарыяланат

 

23-февралда Кыргызстанда эс алуу күнү жарыяланат. Бул тууралуу novosti.kgге Эмгек башкармалыгынан билдиришти.

 

Эске салсак, өткөн жылдын декабрында министрлер кабинетинде республикада Ата Мекенди коргоочулар күнүн жана башка бир катар майрамдарды жоюу демилгеси көтөрүлгөн. Башкармалыктан белгилешкендей, бүгүнкү күнгө карата өндүрүш календарын өзгөртүү боюнча эч кандай тапшырма берилген эмес.