Бишкек мэриясы парковкаларда акы төлөбөгөн жарандарга айып салууну сунуштады. Мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Муниципалитеттен белгилешкендей, унааны башаламан токтотуу – шаардагы чоң көйгөйлөрдүн бири.
Маселени чечүүнүн бир жолу – акылуу парковкаларды киргизүү, анын үстүнө бул бюджетти дагы толуктайт.
Бирок мыйзам чегинде парковка үчүн акы төлөбөгөндөргө чара көрүү механизми жок. Андыктан, жеке жактарга 1 миң сом, юридикалык жактарга 5 миң сомдон айып салуу сунушталып жатат. Белгилеп кетсек, мындай укук кимге бериле тургандыгы документте жазылган эмес.