Кыргызстанда ундун жана дандын жетишсиздиги жок жана болбойт

Кыргызстанда ундун жана дандын жетишсиздиги жок жана болбойт.

 

Буга Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков ишендирүүдө. Анын айтымында, өлкө калкынын буудайга жылдык муктаждыгы бүгүнкү күндө 768 миң тоннага барабар.

 

Быйыл өлкөдө божомолдор менен 650 миң тонна дан жыйналат. Бул көлөм менен ички муктаждыктын 68 пайызын жапса болот. Калган бөлүктү Россия жана Казакстандан импорттоо пландалууда, — деди чиновник.